Гинцбург: "Спутник Лайт" менен тамчылатма вакцинаны бирге колдонсо болот

Ноябрдын соңунда Владимир Путин кайрадан вакцина сайдырып, "Спутник Лайтты" тандаган. Ал эми көп убакыт өтпөй тамчылатма вакцина алган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. "Спутник Лайт" менен коронавируска каршы таноого тамчылаткан вакцинаны аралаш колдонсо болот. Бул тууралуу Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борборунун окумуштуусу Александр Гинцбургдун айтканын РИА Новости жазды.
"Бул ден соолукка зыянын тийгизбейт", — деп кошумчалаган ал.
Путин кайра эмделген соң тамчылатма вакцина алууга ыктыярчыларды чакырды
Октябрдын ортосунда Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги Гамалея борбору тарабынан иштелип чыккан SPRAY 08-Гам-КОВИД-Вак-2021 вакцинасынын клиникалык сыноолоруна уруксат бергени айтылган.
Гинцбург тамчылатма препараттын кыйыр таасири жоктугун билдирген. Анын орун басары Денис Логуновдун айтымында, бул дем алуу органдарында иммунитетти пайда кылып, ооруга кошумча тоскоолдук жаратууга багытталган процедура.
Ноябрдын соңунда Владимир Путин кайрадан вакцина сайдырып, "Спутник Лайтты" тандаган. Ал эми көп убакыт өтпөй тамчылатма вакцина алган.
"Оорутуп же оорутпаганы боюнча айтсам, эки саат мурда сайган, эч нерсе деле сезген жокмун. Баары кадыресе эле, абалым да күндөгүдөй", — деген Путин анда.
Путин COVID-19га каршы тамчылатма вакцинаны эксперимент жасоо боюнча ыктыярчыларды чакырган.