ӨКМге жаңы сервердик жабдуу алынды. Кандай милдеттерди аткарат

Жаңы шаймандар табигый кырсыктардын түрү боюнча маалымат базасын эффективдүү иштетүү жана башкаруу системасын түзүү үчүн колдонулат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сервердик жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сервердик жабдууларды тапшырды
2 / 2
Жаңы шаймандар табигый кырсыктардын түрү боюнча маалымат базасын эффективдүү иштетүү жана башкаруу системасын түзүү үчүн колдонулат.
Жаңы шаймандар табигый кырсыктардын түрү боюнча маалымат базасын эффективдүү иштетүү жана башкаруу системасын түзүү үчүн колдонулат.
"Сервердик жабдуулар менен ӨКМ кооптуу табигый процесстердин учурдагы абалына көз салууга мүмкүнчүлүк алды. Ошондой эле Республикалык деңгээлде өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жасалып, болжолдомо алынат", — деп айтылат билдирүүдө.
Жабдуулар алгач БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен ӨКМдин биргелешкен пилоттук долбоорунун алкагында Ош облусунун Өзгөн районунда колдонулат. Тагыраагы, айыл чарба тармагында табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, ага даярдык көрүү боюнча потенциалды чыңдоо, ошондой эле улуттук деңгээлде климаттын өзгөрүшүнө адаптация болуу үчүн пайдаланылат.