БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн вице-премьери Александр Новак Түркмөнстан менен Тажикстанды бирдиктүү энергосистемага кайтып келүүгө чакырды.
Бул тууралуу ал Москвада өтүп жаткан Евразиялык экинчи конгрессте сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Учурда Россия Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандын энергосистемасы менен синхрондуу түрдө иштеп жатат. Тажикстан менен Түркмөнстандын да кайтып келишин күтөбүз", — деген Новак.
Ал арада Sputnik Тажикстан өлкөнүн өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабирдин айтканына таянып 2022-жылы Тажикстан аталган энергетикалык шакекчеге кайтып келерин маалымдады.
Тажик министри борбор азиялык энергошакекченин ишин калыбына келтирүү үчүн иштер интенсивдүү жүргүзүлүп жаткандыгын айткан. Анын маалыматына караганда, бирдиктүү энергосистеманын ишин жаңылоодо рыноктогу жана дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү эске алуу зарылдыгы турат.
Шерали Кабир Рогун ГЭСи ишке киргенден кийин Борбор Азиядагы электр кубатынын тартыштыгын жоготуу жана жалпы эле энергетика рыногу болуп көрбөгөндөй өзгөрөт. Ал жаңылоо аталган тармакта көп адамдардын жумуш менен камсыз болушуна көмөкчү болорун кошумчалаган.
Борбор Азиядагы энергетикалык шакекченин тарыхы
Борбор Азиядагы жаңы энергетикалык моделди түзүү 1980-жылдары башталса да 1997-жылы толук аяктаган. Ага Казакстан (түштүк бөлүгү), Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирген. Өз ара иштешүүнү камсыздаган система менен беш мамлекеттин 83 электр станциясы иштеп турган.
Өз ара кызматташуунун жол-жобосу пайдалуу негизде болгон. Казакстан менен Өзбекстан суу боюнча Кыргызстан жана Тажикстанга көз каранды эле, ал негизинен сугат иштери болгон. Ал үчүн акыркы аталган эки мамлекет ГЭС турбиналарын толугу менен коё беришкен эмес. Кыргыз жана тажик өкмөттөрүнө жеңилдик менен мунай заттары, газ жана көмүр келип турган.
Советтер Союзу урагандан кийин Түркмөнстан менен Тажикстан Борбор Азиянын бирдиктүү энергосистемасынан чыгып кеткен. Учурда энергетикалык шакекчеге Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан кирет.