Сүйүнүчтүү кабар! Лыжачы Максим Гордеев кышкы Олимпиадага катышууга лицензия алды

Максим Гордеев "Альп лыжасы" түрү боюнча жарышта квотага ээ болгон. Кыргызстандык спортчу 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарына катышуучулардын тизмесинде көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Максим Гордеев XXIV кышкы Олимпиада оюндарына лицензия алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3
Кыргызстандык спортчу Максим Гордеев XXIV кышкы Олимпиада оюндарына лицензия алды
2 / 3
Гордеев лыжа спорту боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү
3 / 3
26 жаштагы Максим Гордеев Ысык-Көлдүн Каракол шаарында туулган. Ал бир катар эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга жеткен. Кыргызстандын чемпиону.
Гордеев лыжа спорту боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү.
"Максим Гордеев "Альп лыжасы" ("Альпийские лыжи") жарышынын тоодон ылдый түшкөн түрү боюнча квотага ээ болгон. Анын жыйынтыгы Эл аралык лыжа спорту федерациясынын расмий сайтына жарыяланган. Кыргызстандык спортчу 2022-жылы өтчү кышкы Олимпиада оюндарына катышуучулардын тизмесинде көрсөтүлгөн", — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.
Жоламан күрөшкөндө титиреп турам... 84 жаштагы Хаким агайдын видеосу
26 жаштагы Максим Гордеев Ысык-Көлдүн Каракол шаарында туулган. Ал бир катар эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга жеткен. Кыргызстандын чемпиону.
Белгилей кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин Кытайдын баш калаасы Пекин шаарында өтөт.
Буга чейин 2018-жылы Түштүк Кореяда өткөн кышкы Олимпиада оюндарына кыргызстандык спортчулар Тариэл Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев барган.