Коронавирус 56 адамдан табылып, үч киши каза тапты

Илдеттен көз жумган үч адамдын бири Чүйдөн, экөө Бишкектен. Учурда 27 бейтаптын абалы өтө оор экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Өткөн суткада 56 кишиден коронавирус аныкталып, 72 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Илдет илештиргендердин жалпы саны 183 460ка жетти. Анын ичинен 178 404 киши айыккан. Коронавирус кечээтен бери үч адамдын өмүрүн алды. Анын экөө Бишкек шаарында болсо, бирөө Чүйдө катталган.
Жалпысынан 2 752 адам коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы тапта 389 бейтап стационарда, ал эми 432 адам үй шартында дарыланып жатканы кошумчаланды. Ооруканадагылардын ичинен 27синин абалы өтө оор.