Диетолог кофеден баш тартуу организмди кандай өзгөртөрүн айтты

Панченко айрым адамдарда кофеин өттөгү зилдин чыгышына жардам берерин айтып, бул бир чети жакшы болсо, терс таасири да бар экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кофени көп ичүү боордун жана калкан бездин иштөөсүнө терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу РИА Новостиге диетолог Светлана Панченко билдирген.
"Баарыңарга жок дегенде эки жума кофеден баш тартып көрүүнү сунуштайбыз (эксперимент катары). Ашказаныңыз бузулуп, тамактагы белок менен темирдин жакшы сиңбей жатышына дал ушул кофе себеп болушу ыктымал", — деген адис.
Панченко айрым адамдарда кофеин өттөгү зилдин чыгышына жардам берерин айтып, бул бир чети жакшы болсо, бир жагынан терс таасир тийгизерин билдирген.
Чайды өтө кызыл демдеп ичпеш керек. Эндокринологдун кеңеши
"Бир жагынан ич катып жатканда кофеин жакшы. Ошол эле учурда ал кан басымды да көтөрөт. Кан басымы өз калыбында болгон адамдар бул суусундукту өтө көп ичпеши керек. Анткени ал жүрөк, кан тамыр ооруларына кабылуу тобокелчилигин арттырышы мүмкүн", — деди диетолог.
Медик күнүнө сапаттуу эки-үч чөйчөк кофе ичүү серотонин (кубаныч гормону) бөлүп чыгарууга өбөлгө болуп, маанайды көтөрө турганын айткан. Бирок аны нормадан ашыра колдонуу уйкуну бузуп, адамдын кыжырын келтирип, маанайга таасир этет.
Кофе — антиоксидант. Ошол эле учурда ал организмден минералдарды тазалап салышы мүмкүн экени кошумчаланды.