Кайсы партиялар алдыда келе жатат? Добуштардын 81%ы саналып бүттү

Саат 23:30га карата 2 029 шайлоо тилкесинин протоколдорунун маалыматы каралууда. Бул 996 718 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. БШК парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 81.36% пайызын кол менен санап бүттү. Бул тууралуу Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.
Саат 23:30га карата 2 029 шайлоо тилкесинин протоколдорунун маалыматы каралууда. Бул 996 718 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт.
Азырынча беш пайыздык чектен өтө алган партиялар:
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыккан. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өткөн. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык белгилүү болду. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат.