БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Борбор Азия суунун катуу тартыштыгына жакындап бара жатат деген билдирүүсүн Евразиялык өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрагасы Николай Подгузов Евразиялык экинчи конгрессте сүйлөп жатып билдирди.
Ал "Суу энергетикалык ресурстарынын майнаптуу комплекси — Борбор Азиянын гүлдөөсүнүн негизи" деп аталган сессияда чыгып сүйлөдү. Подгузовдун айтканына караганда, сууну ысырап пайдалануу — көп көйгөйдүн башталышы.
Борбор Азия мамлекеттериндеги суу корунун 77 пайызы Кыргызстан менен Тажикстандын аймагында жайгашкан. Анткен менен "көп сарптаган" колдонуучулардын 85 пайызы Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан экени айтылды.
"Жыйынтыгында электр кубатына болгон суроо-талаптын өскөнүнөн улам кээ бир жылдары суу тартыштыгы 26 пайызга чыгууда. 90-жылдардан тарта суу ресурстарынын тартыштыгы байкаларлык темпте өсүп жатат. Азыр Борбор Азия мамлекеттери суунун өтө катуу тартыштыгына жакындап калганын көрүп жатабыз", — деген ал.
Подгузов биринчи иретте Өзбекстан кыйналса, андан кийин Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстанда да баш оору жараларын айткан.
Башкаруучулуктун төрагасы эгемендүүлүк жылдары өлкөлөр арасындагы энергетика алмашуу урап, ар бири өзүнүн көйгөйү менен өзү алектенип калганын белгиледи. Ал өз ара алмашып турган система баары бир пайдалуу деген пикирин айткан.
"Энергетикага болгон суроо-талаптын өсүп жаткан темпин эске алсак, кошумча 82 гигаватт кубаттуулукту кошуу керек. Эгерде энергоалмашуу болгондо 72 гигаватт жетишмек. Ошол 10 гигаватт 22 миллиард доллар турат", — деди ал.
Иш-чараны Евразиялык өнүктүрүү банкы (ЕАБР) Россия өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурган. Эл аралык Sputnik агенттиги менен радиосу конгресстин башкы маалыматтык өнөктөшү болууда.