Жогорку Кеңешти шайлоодогу добуштар кантип саналууда. 10 сүрөт

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Sputnik агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн добуштарды саноо кандай өткөнүн көрүңүз.
Sputnik
Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 40,10 пайызы кол менен саналып бүттү. Буга чейин автоматтык түрдө саноочу урналардын эсеби чыккан. Ага ылайык, алты партия алдыда келе жатат. Бирок расмий жыйынтык кол менен саналган соң гана жарыяланат.
Депутаттар БШКнын мүчөлөрүн парламентке чакырып жатат
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Анда талапкерлер преференциалдык жана мажоритардык система боюнча шайланды. Тактап айтканда, 54 депутат партиялык тизме менен, ал эми 36 эл өкүлү бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкер болду. Жалпысынан 21 партия ат салышты.
1 / 10
Участкалык шайлоо комиссиянын кызматкерлери добуштарды санап жатышат
2 / 10
ACУдан добуш берилгенин тастыктаган маалым кат
3 / 10
Участкалык шайлоо комиссиясынын кызматкери шайлоо бюллетенин көрсөтүп жатат
4 / 10
Участкалык шайлоо комиссиясынын кызматкери бюллетендерди кол менен саноонун алдында
5 / 10
Адис электрондук урнадагы маалыматтарды алууга даярданып жатат
6 / 10
Добуштарды саноо ишине байкоочулар көз салууда
7 / 10
Добуштарды кол менен саноо процессинен көрүнүш
8 / 10
Бюллетендер партия жана бир мандаттуулар боюнча бөлүнөт
9 / 10
Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин добуштарды саноо учуру
10 / 10
Автоматтык эсептөө урналары ар бир участкалардагы жыйынтыктарды интернет аркылуу БШКга жиберет