"Ынтымактан" депутат болуп келчүлөрдүн эмне бизнеси бар. Тизме

АСУнун маалыматы боюнча, "Ынтымак" партиясы шайлоочулардын 10,95 пайыз добушун алып, 9 мандатка ээ болот. Sputnik болочок эл өкүлдөрүнүн бизнеси тууралуу материалдар түрмөгүн жарыялап турмакчы.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги тизмени Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча түздү. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы протоколдор кол менен саналган соң белгилүү болорун эскертмекчибиз.
"Ынтымак" партиясындагылардын ичинен эң көп добуш алган Эрулан Көкүловго эч бир компания, фирма катталган эмес.
Шарапаткан Мажитова жүргүнчү ташыган "Ажы Акпар", май куюучу жайлары бар "Абдымажит Ажы Ата", кен казган "Алтын-Булак компани", курулуш менен алектенген "Модерн Стиль", көмүр казган "Эр-Ислам" жана "Джаунг Хва Майнинг Сары-Бээ", соода-сатык менен алектенген "Кыргыз жаңгак" болуп жалпы жети ишканага ээлик кылат.
Шарапаткан Мажитова
Мажитова андан сырткары "Асыл Аманат демилгеси", "Энелер соту", Кара-Суу базарынын жеке ишкерлеринин "Ишкер" коомдук бирикмесин жетектеп келет.
Юстиция министрлигинин порталында Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовго да бир дагы компания же ишкана катталган эмес.
Бакыт Тентишевге да расмий эч нерсе катталган эмес. Ал президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдин уулу.
ЖКга эл өкүлү болуп келчү Мурадил Сыдыковдун "MS BUILDING" аталышындагы курулуш компаниясы, жүк ташыган "NuriS-KG" ЖЧКсы бар.
Мурадил Сыдыков
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Марлен Маматалиев "Жалын" жаштар кыймылын, "Ынтымак" саясий партиясын жетектейт.
Марлен Маматалиев
Расмий булактарда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Балбак Түлөбаевдин атына эч нерсе катталган эмес.
Ал эми Исатбек кызы Аида "Нурс Мебель" фирмасын башкарып келет.
Аида Исатбек кызы
Лейла Лурова "LBS milk production" жоопкерчилиги чектелген коомун Марат Осмонов экөө ачкан.
Лейла Лурова