Радио

Бакчиев: ушул жашка чейин жазып келген эмгектеримдин көргөзмөсү өтөт

Манасчы, филология илимдеринин доктору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиев Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтө турган "Манас ааламы" аталышындагы китеп көргөзмөсү тууралуу айтты.
Sputnik
Ушул жашка чейин жазып келген илимий, публицистикалык жана көркөм чыгармаларымдын жыйындысы топтолгон көргөзмө өтөт. Аны Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министрлиги уюштурууда. Бул тууралуу Талантаалы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган иш-чаранын ачылышы 1-декабрда саат 14:00гө белгиленген.
"Эр ортону 50 жаш дегендей, ушул куракка келип калганымды жана 4-декабрь Манас күнүн эл менен чогуу белгилейин деп турам. Анткени Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада буга чейин жараткан бардык чыгармаларымдын, жазган китептеримдин жыйындысын чогулткан көргөзмө уюштурулууда. "Манас ааламы" аталышындагы көргөзмөнүн ачылышы 1-декабрда саат 14:00гө белгиленген. Ага Манас дүйнөсүнө кайдыгер карабаган илимпоздор баш болгон бардык каалоочулар катыша алат. Ал эми көргөзмөнүн өзү бир айга созулуп, декабрда шаар тургундары үчүн эшиги ачык болот", — деди Бакчиев.
Манасчы көргөзмөгө кирүү акысыз экенин кошумчалады.