Кыргызстанда үч кодекс күчүнө кирди

Буга чейин мыйзамдык актыларда бир катар дал келбестиктер, Конституция жана Кыргызстанда иштеп жаткан мыйзамдар менен карама-каршылыктар болгондуктан президент тарабынан артка кайтарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бүгүн үч кодекс күчүнө кирди. Алар: кылмыш, эреже бузуу кодекси жана кылмыш-процессуалдык кодекс.
Кодекстер боюнча мыйзамга президент Садыр Жапаров 28-октябрда кол коюп, 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирген.
Юстиция министрлигинен билдиргендей, кодекстердин өзү бүгүн, 1-декабрда, күчүнө кирди.
Министрликтин сайтынан кодекстер менен таанышууга болот. Ыңгайлуу болушу үчүн шилтемелерин сунуштайбыз. Ведомствонун сайтына кирип документ менен таанышуу үчүн төмөнкү шилтемелерди басып коюу жетиштүү.
Буга чейин жогоруда белгиленген мыйзамдык актыларда бир катар дал келбестиктер, Конституция жана Кыргызстанда иштеп жаткан мыйзамдар менен карама-каршылыктар болгондуктан, тыкыр иштеп чыгуу үчүн президент тарабынан артка кайтарылган.