Шайлдабекова кол менен саноого эмнеге көп убакыт кетип жатканын түшүндүрдү

БШК төрайымынын айтымында, добуштар кол менен эсептелип бүткөндөн кийин ар бир шайлоо участкасында 23 протокол толтурулат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендерди кол менен саноого эмнеге көп убакыт кетип жатканын түшүндүрдү.
Учурда ал партия мүчөлөрү, талапкерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугуп, шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу маалымат берүүдө.
БШК төрайымынын айтымында, добуштар кол менен эсептелип бүткөндөн кийин ар бир шайлоо участкасында 23 протокол толтурулат.
"Биринчиден, жалпы партиялар алган добуш жөнүндө, экинчиден, жалпы канча шайлоочу катышканы тууралуу протокол түзүлөт. Кийинки 21 протокол ар бир партиянын ичиндеги талапкерлер канча добуш алганы тууралуу болот. Кол менен саноо аяктады, протоколдор толук киргизиле элек", — деди Шайлдабекова.
Ошондой эле ал бул шайлоо жаңы эреже менен өткөндүктөн мурдагыдан көбүрөөк убакыт алып жатканын кошумчалады.