Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктү УКМК териштирип баштады

Буга чейин БШКнын адиси АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылып эки жолу көбөйтүп алган деген маалыматты айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. БШКнын ката кетирген адисинин айрым адамдар менен байланышы жокпу деген суроо боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жаткандарга кайрылуусунда айтты.
"Азыр УКМК териштирүү иштерин баштады. БШКнын ката кетирген адисинин айрым адамдар менен байланышы жокпу? Балким, "мен ушундай кылып силерге митингге чыкканга шылтоо жасап берем" деп, алдын ала кандайдыр бир күчтөр менен келишип алган эмеспи деген сыяктуу териштирүүлөр жүрүп жатат. Жыйынтыгын УКМК өзү билдирет", — деп жазган Жапаров. 
Садыр Жапаров добушун эмнеге Равшан Жээнбековго бергенин түшүндүрдү
Эске салсак, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо кечээ шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калды. Биринчисинде, партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган. Өз кезегинде БШК төрайымы бул боюнча жооп берген.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды эсептөө маалында болгон сайттагы мүчүлүштүк боюнча бүгүн такталган расмий маалыматын тараткан. Анда БШКнын адиси АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган деген маалыматты айткан.