Шайлоо округунан "баарына каршы" пунктуна көп добуш берилсе эмне болот? Мыйзам

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматовдун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына берген маалыматына караганда, эреже бир мандаттуу округдар боюнча шайлоого да тиешелүү.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя.— Sputnik. Эгер шайлоодо "баарына каршы" пунктуна башка талапкерлерге караганда добуш көп берилсе, шайлоо кайра өтөт. Бул тууралуу "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамда жазылган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматовдун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына берген маалыматына караганда, бул эреже бир мандаттуу округдар боюнча шайлоого да тиешелүү.
Бир мандаттуу округдан депутат болуп келгендер. Алдын ала түзүлгөн тизме
Ал Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы белгисиз экенин айтып, БШК аны 2021-жылдын 18-декабрына чейин чыгара турганын белгиледи.
Эске салсак, БШКнын АСУ (автоматтык эсептөө урнасы) чыгарган алдын ала маалыматы боюнча, Бишкекте Биринчи май району менен Свердлов районунда "баарына каршы" пунктуна добуш бергендер көп.