Жалал-Абад шаарында жол кире 15 сом болот

Учурда Жалал-Абад шаарында 150дөн ашык кичи автобус жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп келет. Жол кире маселеси эки апта мурда каралган эле.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында 1-декабрдан тарта кичи автобустардын жол акысы окуучулар жана пенсионерлерден башка жүргүнчүлөр үчүн 15 сомго жогорулайт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу жүргүнчүлөр, транспорттор агенттигинин башчысы Айгерим Абдыкаарова билдирди.
Бишкектен аймактардагы ири шаарларга жол кире кескин кымбаттады. Салыштыруу
Күйүүчү май менен тетиктердин баасынын жогорулагандыгын эске алуу менен эл өкүлдөрү бул сунушту колдоп берген. Учурда шаар боюнча 150дөн ашык кичи автобус жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтөт.