Cузакта 9 жаштагы Сумая боюнча иш "киши өлтүрүү" беренесине өзгөртүлдү

Иш алгач Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине дайынсыз жоголуу фактысы катары катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Cузакта суу жээгинен сөөгү табылган тогуз жаштагы Сумая Хосилжанова боюнча иш "киши өлтүрүү" беренесине өзгөртүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Эске салсак, 27-ноябрда саат 17:00дөр чамасында Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, Арал айылындагы Көк-Арт суусунун жээгинен болжол менен 8-12 жаштагы кыздын сөөгү табылганын кабарлаган. Жерине Сузак РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып сөөктү карап чыккан соң, ал дайынсыз жоголгон Сумая Хосилжанова экени белгилүү болгон.
"Алгач иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине дайынсыз жоголуу фактысы катары катталган. Бирок Сумаянын сөөгү табылгандан кийин "киши өлтүрүү" боюнча квалификацияланды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кылмыштын бетин ачуу максатында иш-аракеттер көрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Чычканда өрттөнгөн бензовоздун ичинен кишинин сөөгү табылды. Кырсыктын сүрөтү
2021-жылдын 18-ноябрында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну Уткирбек Сулайманов кайрылып, ошол эле күнү саат 12:40тар чамасында тогуз жаштагы кызы Сумая Хосилжанова мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Кызды издөө иштерине жалпысынан 63 милиция кызматкери, элдик кошуундун 250 мүчөсү жана 150 ыктыярчы тартылган. Атчан ыктыярчылар менен биргеликте эгин талааларында да издөө иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле 29 видеокамера текшерилген. Бирок Сумаянын бир дагы камерага түшпөгөндүгү белгилүү болгон.