Баарыбыз адаштыкпы? Партиянын номерине дал келген талапкерлер алдыга чыкканда

Кыргызстандын шайлоочулары өзү каалаган партияны туура тандаганы менен талапкердин номерине келгенде адашып калгандай.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы эреже менен өткөндүктөн шайлоочулар талапкерлерге добуш берүүдө адашып калышы мүмкүнбү? Бул суроого Sputnik агенттигинин кабарчылары жооп издеп көрдү.
Тизмедеги талапкердин номери партиянын номери менен дал келип жатат
Белгилей кетсек, быйыл Жогорку Кеңешке шайлоо жаңы схема менен өттү. 54 талапкер тизме менен шайланып, 36 талапкер бир мандаттуу округ менен келе жатат. Жалпы 21 партия ат салышты.
Партия менен талапкерлерге берилген добуштардын айрымасы
Партиялык тизме боюнча шайлоодо жарандар мурдагыдай партияга гана эмес, партиянын катарындагы өзү жактырган талапкерге дагы добуш бериши керек болду. Бирок мында шайлоочулар өзү каалаган партияны туура тандаганы менен талапкердин номерине келгенде адашып калгандай. Тагыраагы, шайлоочулар партия канчанчы тизмеде болсо, талапкерди тандоодо дагы ошол эле санды белгилеген болушу мүмкүн. Себеби так ошол сандагы талапкерлер алдыңкы сапка чыкканын көрүүгө болот. Мисал келтирели:
Бюллетенде 21-катарда турган "Ата-Журт Кыргызстанды" алып көрөлү. Бул партиянын 21-саптагы талапкери Фархат Исмаилов элдин басымдуу добушун алып, экинчи сапта турат.
БШК добуштарды кол менен эсептей баштады
"Ыйман нуру". Бул партия бюллетенде 5-сапта турган. Мында дагы № 5 талапкер Султанбай Айжигитов добуш алуу боюнча экинчи орунда турганын көрүүгө болот.
"Жашасын Кыргызстан" бюллетенде 13-сапта жайгашкан. Мында дагы № 13 талапкер Виталий Крепышев шайлоочулардын басымдуу бөлүгүнүн добушун алып, биринчи орунду ээлеген.
"Социал-демократтар" бюллетенде 14-сапта турат. № 14 талапкер Нурбек Касымбеков дагы көп добуш алып, экинчи орунга чыккан.
Мындай көрүнүштү дээрлик бардык партиялардан байкоого болот. Кызыксаңыз, Sputnik агенттигинин сайтындагы маалыматтарга таянып текшерип көрсөңүз болот. Бул үчүн инфографиканы жана партиялардын тизмеси жазылган маалыматтарды пайдалансаңыздар болот.