Добуштарды саноо учурунда БШКнын серверинин иштебей калышы, пайыздык көрсөткүчтүн 140ка чыгып кеткени сыяктуу жагдайлар шайлоочуларды гана эмес, ага катышкан партияларды дагы нааразы кылды.
Төмөндө шайлоо учурунда жана андан кийинки күмөн санаткан окуяларды санап берели.
БШК сайтынын иштебей калышы жана 140 пайыздык көрсөткүч
28-ноябрда кечинде шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калды. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калды. Социалдык тармактын колдонуучулары арасында дароо нааразычылык жаралып, бүгүн эртең менен шайлоого катышкан төрт партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыкты.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова
© Фото / пресс-служба ЦИК КР
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова абалды түшүндүрүп жатып добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн эки программа иштелип чыкканын билдирген. Анын айтымында, автоматтык түрдө эсептөө версиясындагы маалымат менен кийинкисинин ортосунда айырма чыгып, техникалык мүчүлүштүк кеткен.
"Жоголуп" кеткен 14 пайыз
Кечээ кечинде Боршайкомдун шайлоонун алдын ала жыйынтыгын онлайн-режимде берип жаткан сайтында добуштардын 14 пайызынын эсеби чыкпай калган. Саат 23:52ге карата жалпы пайыздык көрсөткүч 100дү эмес, 86,08 пайызды түзүп жаткан.
БШКнын жетекчиси мындай жагдайдын жаралышына жараксыз чыккан бюллетендер себеп болушу мүмкүн экенин айтты.
"Сөзсүз түрдө жараксыз бюллетендерди эсептеп чыгыш керек. Жалпысынан АСУга 1 234 456 бюллетень түштү, бул шайлоочулардын 33 пайызы добуш бергенин түшүндүрөт. Анын ичинен 1 115 645 (90,38 пайызы) бюллетень жарактуу, ал эми 9,62 пайызы жараксыз деп табылды. Ушул сумманы кошкондо 100 пайызга жетет деп ойлойм", — деди Шайлдабекова.
Шайлоо бюллетендерин толтуруучу жай
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Жаңы шайлоо системасы
Кыргызстандыктар 90 депутаттын 54үн партиялык тизме менен, 36сын бир мандаттуу округ аркылуу шайлашты. Кызыгы, бул ирет партиянын тизмесиндеги талапкерлер мурдагыдай түзүлгөн катар номерине эмес, топтогон добушуна жараша мандатка ээ болгону турат. Ошентип азыр тизменин аягында турган киши дагы добуш топтосо алдыга чыгып калды.
Шайлоочулар адаштыбы?
Sputnik Кыргызстандын кабарчылары шайлоонун эртеси күнү кызыктуу жагдайды байкап калды. Көрсө, катар номери партиянын бюллетендеги номери менен туш келген талапкерлер баарынан көп добуш алыптыр. Мындай талапкерлер эң төмөн дегенде 3-орунга чыгышкан.
Партиялык тизме боюнча шайлоодо жарандар мурдагыдай партияга гана эмес, партиянын катарындагы өзү жактырган талапкерге дагы добуш бериши керек болду. Бирок мында шайлоочулар өзү каалаган партияны туура тандаганы менен талапкердин номерине келгенде адашып калгандай. Тагыраагы, шайлоочулар партия канчанчы тизмеде болсо, талапкерди тандоодо дагы ошол эле санды белгилеген болушу мүмкүн. Бирок БШК бул боюнча үн ката элек.
Өтө аз киши катышты
Шайлоого укугу бар бардык кыргызстандыктардын 35,1 пайызы гана добуш берүүгө барды. Бери дегенде акыркы төрт шайлоодо мындай төмөн көрсөткүч болгон эмес. Мисалы, 2015, 2020-жылдардагы парламенттик шайлоодо, 2017-жылкы президенттик шайлоодо добуш берүүгө баргандардын саны 55 пайыздан ашкан. Соңку ирет өлкө башчыны шайлоого катышкандардын саны 40 пайызга жеткен.
БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров элдин аз келишине №2 формасынын жоюлушу же жөн гана элдин шайлоодон тажашы себеп болду деп эсептейт.
Жараксыз болуп калган бюллетендер көп
АСУга салынган бюллетендердин дээрлик 10 пайызы жараксыз болуп чыкты. Тагыраак айтканда, 122 763 бюллетень эсептелген жок.