COVID эки адамдын өмүрүн алып, 37 кишиден аныкталды. Соңку маалымат

Көз жумган эки киши Баткенде жана Чүйдө дарыланып жаткан. Каза тапкандардын саны ушуну менен 2 743кө жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Өлкөдө соңку суткада коронавирус инфекциясы 37 кишиден аныкталып, эки адам көз жумганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Жуктургандар:
Пандемиядан бери 183 285 адам ооруду.
Кыргызстанда өспүрүмдөр Pfizer вакцинасын сайдырат. Кимдер алышы керек
Көз жумган эки киши Баткенде жана Чүйдө дарыланып жаткан. Ушуну менен оорудан каза болгондордун саны 2 743кө жетти.
Акыркы суткада коронавирус инфекциясын 64 бейтап жеңди. Баш-аягы 178 112 адам сакайды.
Учурда стационарда 430, амбулатордук дарылоодо 463 бейтап бар. Ооруканада 174 адам оор абалда жана 33 киши өтө оор абалда жатат. Калганы канааттандырарлык жана орточо абалда экени айтылды.