Бир мандаттуу округ боюнча эң көп добуш алган 10 талапкер

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда парламенттик шайлоонун АСУ эсептеген алдын ала жыйынтыгын жарыялады.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги жарышка катышкандардын арасынан башкаларга салыштырмалуу чоң айырма менен көп добуш алган 10 талапкерди тизмектеди. Белгилей кетсек, бир мандаттуу округ боюнча парламентке жалпы жонунан 36 депутат шайланат.
Быйыл Жогорку Кеңешке шайлоо жаңы тартип менен өттү. Анда 54 талапкер партия тизмеси менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдан шайланды. Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. БШК добуштарды кол менен эсептеп баштады. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.