БШК сайтынан "жоголгон" 14% добуш. Шайлдабекова жооп берди

Түнкү саат 12:00 чамасында Боршайкомдун онлайн-режимде көрсөтүп жаткан сайтынан 14 пайыздык добуштардын эсеби чыкпай калган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жыйынтыгын көрсөткөн сайтта добуштардын 14 пайызынын "жоголуп" кетиши боюнча Sputnik Кыргызстандын суроосуна жооп берди.
Буга чейин Боршайкомдун шайлоонун алдын ала жыйынтыгын онлайн-режимде берип жаткан сайтында 14 пайыздык добуштардын эсеби чыкпай калган. Саат 23:52ге карата жалпы пайыздык көрсөткүч 100дү эмес, 86,08 пайызды түзүп жаткан.
БШКнын жетекчиси мындай жагдайдын жаралышына жараксыз чыккан бюллетендер себеп болушу мүмкүн экенин айтты.
"Сөзсүз түрдө жараксыз бюллетендерди эсептеп чыгыш керек. Жалпысынан АСУга 1 234 456 бюллетень түштү, бул шайлоочулардын 33 пайызы добуш бергенин түшүндүрөт. Анын ичинен 1 115 645 (90,38 пайызы) бюллетень жарактуу, ал эми 9,62 пайызы жараксыз деп табылды. Ушул сумманы кошкондо 100 пайызга жетет деп ойлойм", — деди Шайлдабекова.
Мындан сырткары, шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калды. Биринчисинде, партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.