БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады.
Анын ичинен Талас облусундагы №21 Талас шайлоо округунан Бактыбек Чойбеков шайлоочулардын 37 пайыз добушун алып, атаандаштарын артта калтырды (жалпы шайлоочулардын 70 пайызынын добушу саналды). Бардыгы сегиз талапкер аттанган.
Округдагы шайлоочулардын саны — 80 433. Ага Талас шаары жана Талас району, Бакай-Ата районунун Акназаров, Шадыкан, Кең-Арал, Өзгөрүш айыл аймактары кирет.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрда маалым болот.