Орус куралы: 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы

Россиянын армиясынын заманбап куралдары чет элдик аналогдорунан көп жагынан төөчөлүк өйдө, ошону менен бирге эле РФтин мамлекеттик суверенитети, Евразиянын тынчтыгы жана туруктуулугунун ынанымдуу кепилдигине айланган.
Sputnik
СССР ыдырагандан отуз жыл өткөндө жогорку технологиялык, ракеталык-өзөктүк Россия потенциалдуу агрессорго караганда кыйла күчтүү болуп турат. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу 24-ноябрда Өлкөнүн аскердик күчтөрүн куралдандыруу мамлекеттик программасынын алкагында үч жыл аралыгында куралдын 20 миңден ашуун негизги үлгүсүн, техниканын эки миллиондон ашуун бирдигин алганын маалымдады. Ошондой эле министр аскердик роботтордун сериялык өндүрүшү башталганын кошумчалаган.
Россиялык министрдин бул билдирүүсүнөн улам аскерий баяндамачы Александр Хроленко РФтеги курал-жарак жагдайы боюнча жыл жыйынтыгын чыгарууга аракет кылган.
НАТОнун аскердик даярдыктарын эске алуу менен жакынкы келечекте Россия Федерациясында коопсуздук жаатында өзөктүк күчтөрдүн жогорку даярдыгы, кургакта, деңизде жана аба-космостук мейкиндикте өзөктүк эмес потенциалын өстүрүүгө басым жасалат.
Россия менен Кытайдын аскерий кызматташтыгы. ЖККУ жана Борбор Азияга пайдасы
РФтин жогорку технологиялык курал тармагындагы лидерлигин союздаштары да, көзү түз эмес өлкөлөр да моюнга алат. Россия жакынкы атаандаштарынан улам озуп, бул арышы менен "өнөктөштөрүнүн" Үчүнчү дүйнөлүк согушту тутантуу мүмкүндүгүн басаңдатат.
2033-жылга чейинки Куралдандыруу боюнча россиялык жаңы мамлекеттик программа гиперүндүү ракеталарды, жогорку кубаттуулуктагы лазер жана робот-техникалык комплекстери өңдүү жогорку технологияларды дагы өркүндөтүүгө багытталган.
Алдыдагы он жылдыкка жасалма интеллект үчүн эле 22 триллион рубль жумшоо пландалууда. Россия "Сириус" же "Посейдон" тибиндеги автономдук, өз алдынча ой жүгүртө алган аскердик тутумдарды курууга умтулат. Ага сарпталган чыгымдар да акталууда. РФ 2021-жылы 10 млрд долларга курал-жарак боюнча келишим түздү. Жакында эл аралык рынокко куралдын 50 жаңы үлгүсүн, көбүнесе авиациялык техника жана абадан коргонуу тутумун чыгарууга ниеттенет. Жогорку технологиялык артыкчылыгына төмөндө бир нече мисал келтирели.

Космостогу катаал "Тундра"

Плесецк космодромунан 25-ноябрда эсептелген орбитага "Союз-2.1Б" ракета ташуучу менен "Тундра" бирдиктүү тутумунун аскердик спутниги ийгиликтүү чыгарылды. Бул – "Союздардын" быйылкы жылдагы бешинчи "аскердик" старты. Жапжаңы "Тундра" континенттер аралык баллистикалык ракеталардын жер жана суу бетинен учурулушуна көз салып, алар талкалай турган райондордун баллистикалык траекториясын эсептей алат.
Мурдараак россиялык орбиталык топ 2022-жылга карата 10 даана "Тундра" аппаратынан түзүлөрү кабарланган. Алар Серпухов-15теги Ракеталык кол салуунун алдын алуучу борбордук командалык пунктудан жүргүзүлөт. Ага катар эле орбиталык космостук буталарды, анын ичинде америкалык континенттер аралык баллистикалык ракеталарды, бортунда өзөктүк куралды ташый алган X-37 учкучсуздарын жок кылуучу С-550 ракетага каршы коргонуу системасынын өтө ыраакка багытталган мобилдик тутуму да жасалууда.
Аяктай турган түрү жок антироссиялык аракет: АКШ Украинаны жарга түртүүдө
15-ноябрдагы сыноодо россиялык ракетага каршы тутуму Жерден 500 чакырым бийиктиктеги "Космос-1408" советтик эски спутнигин таамайлык менен жок кылды. Бул да Пентагон менен НАТОнун үрөйүн учуруп, курулай айыптоолорду ого бетер күчөттү. Күтүлбөгөн жерден РФтин "өнөктөштөрү" ал белгилеген "кызыл чектен" аттаса, GPS-навигациясынын дароо 32 спутнигинен ажырап, АКШ жана НАТОнун ракеталары, учак жана кемелери "байкоо салуу жөндөмүн жоготуп", күчтөр кайрадан кагаз топографиялык карталарын өздөштүрүүгө мажбур болушат.

"Циркондун" көзгө көрүнбөс учушу

Суу бетиндеги кеме жана субмариналардан кое берилген гиперүндүү "Циркон" ракетасынын (ылдамдыгы саатына 10 миң чакырым, ыраактыгы 1 000 чакырымдан ашуун) быйылкы сыноолору ийгиликтүү өтүп, төрт мүнөттө деңиз жана жээктеги буталарын жок кылды. РФтин Аскер-деңиз флоту дүйнөдөгү абадан коргонуучу жана ракетага каршы тутумдардын азыркы жана келечектеги бардык түрлөрүнө көрүнбөс, кармалбас "Циркон" менен 2022-жылы куралданат. Ушул эле ракеталык комплекстин жерге ылайыкталган түрү иштелип чыгууда.
Талкалоочу жөндөмү (кинетикалык кубаты) "Цирконго" өзөктүк курал менен атаандашуусуна жол ачат. Учу конвенциялык гиперүндүү ракетанын бир жолку таамай тийиши авиаташуучуну же кургактагы ири объектини жок кылып кое алат. Дүйнөдө бул ракетанын аналогу жок. Миллиарддаган чыгымдарга карабастан гиперүндүү курал чыгаруу тармагында АКШ Россиядан бир нече жылга артта калган. Кошмо Штаттардын прототиптери "канат күүлөй" албайт.

Батыштын көңүлүн чөгөргөн "Терминатор" жана "Армата"

РФ Борбордук аскердик округу ушул айда танкты коштоочу "Терминатор" аскердик машинасынан 10 даана алат. Бул Пентагон жана НАТОну санаага салбай койбойт.
Т-72 танкынын негизинде аскердик тажрыйбасын эске алуу менен жасалган көп буталуу "Терминатор" – маневрдүү, бекем корголгон, "тишине" чейин бекем куралданган, ок атуунун заманбап тутуму орнотулган чынжырлуу машина. 6 чакырым аралыктан душмандын танк жана аскердик пехоталык машиналарын кыйратып, тик учактары жана жапыз учкан учактары (учкучсуздары) менен кармаша алат. "Терминатор" төрт ракеталуу комплекти бар танкка каршы "Атака-Т" ракеталык комплекси, 30 миллиметрлик автоматтык 2А42 замбиректери жана кошоктолгон 7,62 миллиметрлик пулемет менен жабдылган. Экипажы беш кишиден турат.
Буга катар эле РФтин Коргоо министрлиги Т-14 "Арматанын" мамлекеттик сыноолору, анын ичинде Сирия жергесиндеги реалдуу согуштук аракеттердеги сыноолору аяктаганы тууралуу билдирди.
Эки миңден ашык. РФте учкучсуз башкарылган техникалардын тобун санап беришти
Акыркы үлгүдөгү машина россиялык аскердик күчтөргө келерки жылы берилет. Мурда алар сынамык-өндүрүштүк партияны, атап айтканда, Т-14төн 20 танканы алган. Адистердин баамында, "Армата" болжолдуу душмандын танктарына караганда 30 пайызга майнаптуу жана бышык машина. 125 миллиметрлик ок күчү менен азыркы бардык танк жабдууларынын эч бирин караандатпайт, жүрүп баратып да мүнөтүнө 12ге чейин ок ата алат. Оптикасы күндүзү 5 000 м жана түнкүсүн 3 500гө чейинки аралыктан буталарды аныктоого мүмкүндүк берет. 48 тонналык танк саатына 90 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт. Күч орнотмосу – 2 000 сааттан ашуун ресурсу бар 1 500 дизелдик кыймылдаткыч. Үч кишиден турган экипаж корпустагы зооттолгон капсулада отурат. Мындай конструкциялык өзгөчөлүк танкисттерге дүйнөдөгү азыркы жана келечектеги танкага каршы дүрмөттөр тийсе да, ал түгүл бул топтом кокус өрттөнүп кетсе да танкисттердин аман калуусун шарттайт.
Келечекте "Армата" аралыктан тескелип, роботтоштурулган аскердик комплекске айланат. Россиялык армияга Т-14 танкынан жалпы 2 300 бирдик керектелет. Алдыңкы технологиялык сапаттары "Арматага" кеминде эле XXI кылымдын ортосуна чейинки аскердик артыкчылыкты камсыздайт. Дүйнөдө мунун да теңдеши жок.

"Орион" жана "Альтиустун" учкучсуз талпынышы

Россиялык аскердик күчтөр 2 000ден ашуун учкучсуз аппарат менен куралданган, жыл аягына дейре РФ Коргоо министрлиги дагы 18 сокку уруучу дрон алат.
"Орион" – MALE (Medium-altitude long-endurance) элиталык классындагы РФтин алгачкы чалгындоочу-сокку уруучу учкучсуз аппараты. Учуш массасы – 1 тонна, жүк көтөрүмдүүлүгү – 200 кг, ылдамдыгы саатына 200 чакырымды түзөт. 24 сааттан ашуун абада кармалат. Аппарат байланыштын спутниктик тутумун колдонууга, куралдардын болгон түрүн пайдаланууга, бардык аба шарттарында (Сахара менен Арктикада да) күндүз да, түнкүсүн да сокку урууга жөндөмдүү.
"Ориондун" тушоосу Сирияда кесилген. Аны 15 мамлекет сатып алууну самайт. Дүйнөдө өз классындагы эң ынанымдуу учкучсуздардын бири болуп саналат. Жасалма интеллектини орнотуу "Орион" жана башка учкучсуздарды баскыч-баскычы менен автоматташтырууга алып бара жатат. "Орион" – жөн жерден жаралган ийгилик эмес. Dubai Airshow 2021 көргөзмөсүндө Россия "Сириус", "Гелиос-РЛД", "Гром" өңдүү ири өлчөмдөгү жана эң майнаптуу учкучсуз аппараттарын коомчулук сынына койду. Орто мөөнөттүк келечекте Россия чалгындоочу жана сокку уруучу учкучсуздары менен дүйнөлүк курал-жарак рыногунун 10 пайызын ээлөөгө ниеттенет.
Деңиз менен жерди титиретип, булкуна көккө атылган ракеталар. Видео
"Ориондун" негизинде иштелип чыккан кыйла көлөмдүү жана күчтүү "Сириус" (учуш салмагы 5 тоннага чейин) абада 40 саатка чейин кармалып, 10 миң чакырымдык аралыкка уча алат. "Сириус" спутниктик башкарууда дагы бир функцияга ээ болуп, учкуч тескеген учуучу аппараттар менен өз ара аракеттеше алат.
Россияда жасалган оор чалгындоо-сокку уруучу "Альтиус-РУ" аскердик жүгү, радиолокациялык станцияларга анча байкалбастыгы (76 саатка чейин) жана башка параметрлери боюнча америкалык "Жнецтен" (MQ-9 Reaper) озуп кеткен. Маселен, "Альтиус" бутасын атууга да өз алдынча чечим кабыл алууга жөндөмдүү. Россиянын Аба-космостук күчтөрү эмдиги жылы 18 "Альтиуске" ээ болуп, кийин дагы мындай машинадан 50 даана алмакчы.
Албетте, мындай кыска баян Россия армиясынын быйылкы куралдануусун толук ачып бере албайт. С-550 ЗРС, "Пересвет" аскердик лазери, бешинчи муундагы Су-57, сокку уруучу "Охотник" учкучсузу, көп буталуу жана стратегиялык субмариналар тууралуу айтылбай калды… Аларды кийинки жолу кеп кылалы.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.