Нарын шайлоо округунан ким биринчи келе жатат. АСУнун алдын ала эсеби

Бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. БШКнын Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округдан АСУ эсептеген жыйынтыктын негизинде №33 Нарын шайлоо округу боюнча добуштардын 64.63 пайызын алып, азырынча Улан Бакасов алдыда келе жатат.
Нарын шаары, Ат-Башы жана Нарын районунан бардыгы болуп, 13 талапкер аттанган.
Округдагы шайлоочулардын саны — 104 851. Нарын шаары, Ат-Башы жана Нарын району бириктирилип аталган округ түзүлгөн.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Маалымат бир аздан кийин толукталат.