БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү башталды.
Бул сапар кыргызстандыктар мурдагы парламенттик шайлоодон башкача добуш берет. 54 депутатты партиялык тизме, 36сын бир мандаттуу округ аркылуу шайлайт.
Мыйзамга ылайык, эртең менен саат 08:00дө 2 273 шайлоо участкасы ачылып, кечинде 20:00дө жабылат.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Анда 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышат. Мыйзамга ылайык, добуш берген жарандардын 5, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайызына ээ болгон партия утуп чыгат. Бир мандаттуу округдан эң көп добуш алганы жеңүүчү деп таанылат.
Жалпысынан 3 миллион 703 миң 420 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ, чет өлкөдөн катталгандары 84 128ди түзөт.
Белгилей кетсек, бул Кыргызстанда жыл айланбай өткөн парламенттик шайлоо болуп калды. Себеби 2020-жылы 4-октябрдагы саясий өнөктүктөн кийин анын жыйынтыгына нааразычылык жаралып, башаламандык коштоп бийлик алмашкан. Анын натыйжасында, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Мындан улам кете турган ЖКнын VI чакырылыштагы депутаттары дагы бир жылга калып, алты жыл иштеди.