БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда парламенттик шайлоо соңуна чыгып, бардык участкалар жабылды.
Жалпы 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлеген.
Ушу тапта добуштарды автоматтык саноочу урна эсөптөөдө. Андан соң кол менен саналып, акыркы расмий жыйынтыкты БШК 18-декабрга чейин жарыялайт.