БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген алдын ала жыйынтыкты жарыялады.
Баткен облусундагы №3 Кадамжай шайлоо округунда добуштардын 63.89 пайызы эсептелгенден кийин талапкер Ырысбек Атажанов 3 199 добушка (13.77 пайыз) ээ болуп, алдыда келе жатат. Бардыгы он талапкер аттанган.
Округдагы шайлоочулардын саны — 112 968. Ага Кызыл-Кыя шаары толугу менен, Кадамжай районунун Кадамжай, Айдаркен шаарлары, Бирлик, Үч-Коргон, Чаувай, Абсамат Масалиев, Майдан, Марказ, Орозбеков, Көтөрмө айыл аймактары, Алга айыл аймагынын №8147 шайлоо участкасы биригет.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен санайт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.