Бишкекте парламенттик шайлоонун жүрүшүн көрсөткөн 15 сүрөт

Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган сүрөт түрмөктөн Бишкектин тургундары парламенттик шайлоого кандай катышып жатканын көрө аласыздар.
Sputnik
Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул ирет шайлоочулар жаңы эреже менен добуш беришет. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан барат.
БШКнын маалыматына караганда, саат 14:00гө карата шайлоочулардын 16,27 пайызы добуш берди. Бул 602 432 кыргызстандык шайлоого катышканын түшүндүрөт.
Шайлоого катышкандардын саны канчага жетти? Саат 14:00гө карата маалымат
Парламенттик шайлоонун жүрүшүнө эл аралык 730 байкоочу көз салууда. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 2 435 шайлоо участогу ачылган. Мындан сырткары, чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу уюштурулган.
Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чоң-Арык айылындагы № 1053 шайлоо участкасына барып добуш берди. Андан соң өлкө башчы элге кайрылып, келечекке кайдыгер карабай, шайлоого активдүү катышууга чакырган. Ал жактан чыгары менен мамлекет башчы Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышуу үчүн Түркмөнстанга учуп кетти.
Партиялык тизме боюнча добуш берүүгө 3,7 миллион кыргызстандык кирген (бул сандын ичинде чет өлкөдөгү мекендештер дагы бар). Ал эми бир мандаттуу округ боюнча тизмеге 3,6 миллион адам кирген (мында чет жактагы кыргызстандыктар жок, анткени алар партиялык тизмеге гана добуш бере алышат).
 
1 / 15
Бишкектин № 1213 шайлоо участогундагы БШК кызматкери менен байкоочулар
2 / 15
Жалпысынан Кыргызстан боюнча 2 435 шайлоо участогу ачылган. Мындан сырткары, чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу уюштурулган.
3 / 15
Бул ирет шайлоочулар жаңы эреже менен добуш беришет. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан барат.
4 / 15
Шайлоо участокторунда добуш берүүчүлөр дезинфекциядан өтүүдө
5 / 15
Добуш берүүдөн мурда ар бир жаран биометрикалык идентификациядан өтөт
6 / 15
Шайлоо участкасында иштегендер келгендердин ар бирине добуш берүү эрежесин түшүндүрүп жатат
7 / 15
Бюллетенди толтуруп бүткөн соң аны АСУга (автоматтык эсептөө урнасы) салышат
8 / 15
Добуш берүүгө келген бишкектик кыз
9 / 15
Шайлоочулардын арасында улгайгандары, жаштары дагы бар
10 / 15
Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чоң-Арык айылындагы № 1053 шайлоо участкасына барып добуш берген. Өлкө башчы элге кайрылып, келечекке кайдыгер карабай, шайлоого активдүү катышууга чакырган
11 / 15
Шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактап жатат
12 / 15
Ар бир келген шаар тургунунун дене табы текшерилүүдө
13 / 15
Бардык шайлоо участкаларында добуш берүү эрежесин түшүндүргөн схема илинген
14 / 15
Сүрөттөгү апа эки бюллетенди алып, добуш берүүнүн алдында турат
15 / 15
Талапкерин жана каалаган партиясына добушун берип, бюллетенди урнага салууга камынган жигит