БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады.
Анын ичинен Чүй облусундагы №25 Аламүдүн шайлоо округунан Сеидбек Атамбаев 24,70 пайыз добуш алып (добуштардын 85,25 пайызы саналып бүттү) атаандаштарын артта калтырды. Бардыгы 10 талапкер аттанган.
Аламүдүн округунда жалпы 111 миң 115 шайлоочу бар.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.