БШК: шайлоо участкасынан тыш 12 137 жаран добуш берди

Арыз менен кайрылгандардын ичинен 1 344 адам добуш берүүгө катышкан жок. Жалпысынан алганда мында 90 пайыз шайлоочу добуш берген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн Жогорку Кеңешине шайлоодо буга чейин шайлоо участкаларынан тышкары добуш берүү үчүн арыз берген 13 481 шайлоочунун 12 137си бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Жалпысынан алганда мында 90 пайыз шайлоочу добуш берген.
Арыз менен кайрылып, бирок добуш берүүгө 1 344 адам катышкан жок. Анын ичинен 642 адам аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү барган учурда үйүндө жок болгон.
Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мурда шайлоо участкаларынан тышкары добуш берүү үчүн арыз берген 13 009 шайлоочунун 11 616сы же шайлоочулардын 89,29 пайызы добуш берди.
1 393 адам арыз менен кайрылып, бирок добуш берген жок. Анын ичинен 659 адам аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү келген учурда үйүндө болгон эмес. Ал эми калгандары башка себептер менен жок болгон.
Мыйзамга ылайык, төмөнкү категориядагы шайлоочулар шайлоо участкасынан тышкары добуш бере алышат: