Жакшы энеде кандай сапаттар болушу керек? Сурамжылоонун жыйынтыгы

Респонденттердин басымдуу бөлүгү (67 пайызы) эне, биринчиден, мээримдүү болушу керек деп эсептейт. 10 пайызы чыдамдуу болушу керек десе, 7,9 пайызы талапты катуу коюшу зарыл деген пикирде.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Россиялыктар арасында жакшы энеде кандай сапаттар болушу керек деген сурамжылоо жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгын РИА Новости жарыялады.
Респонденттердин басымдуу бөлүгү (67 пайызы) эне, биринчиден, мээримдүү болушу керек деп эсептейт. 10 пайызы чыдамдуу болушу керек десе, 7,9 пайызы талапты катуу коюшу зарыл деген пикирде.
Радио
Суюмбаева: балдарыбыз жашоону компьютердеги оюндардай көрө башташты
Ал эми апа балага эмне бериши керек деген суроого сурамжылангандардын 35 пайызы тарбия деп жооп узатты. 29 пайызы билим десе, 27 пайызы эң алгач эне баласынын ден соолугун сакташы керек деп ойлойт. Ал эми суралгандардын 15 пайызы эненин баласын жакшы көргөнү жетиштүү деген пикирде. Болгону жети пайыз киши эне баланы материалдык жактан кем кылбашы керек деп эсептейт.
Россиялыктардын жарымынан көбү бала бактылуу жана татыктуу инсан болуп чоңоюшу үчүн толук үй-бүлөдө жашашы керек экенин айткан.
Сурамжылоо Россиянын 500 миңден ашык тургуну бар 37 шаарында жүргүзүлгөн.