УКМК: Бишкекте добуш сатып алууга акча бөлүштүрүп жаткан адам кармалды. Видео

УКМК бул факты боюнча шайлоочуларды сатып алуу процессине катышкан башка адамдарды табуу үчүн иштеп жатканын да билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМК 26-ноябрда шайлоочуларга акча бөлүштүрүп жаткан жеринен Бишкек шаарынын Свердлов бир мандаттуу округу боюнча өзүн көрсөткөн талапкердин ишенимдүү өкүлүн кармады. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматынан билдирди.
1 / 2
УКМК 26-ноябрда шайлоочуларга акча бөлүштүрүп жаткан жеринен Бишкек шаарынын Свердлов бир мандаттуу округу боюнча өзүн көрсөткөн талапкердин ишенимдүү өкүлүн кармады
2 / 2
Аны менен катар эле штаб катары пайдаланылган жайларды тинтүү учурунда шайлоочулардын даректерин көрсөткөн тизмелери менен ири суммадагы акча табылганы айтылды
"П.А.Д. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин штабынын расмий эмес кызматкери болуп, айрым жарандарын мыйзамсыз үгүт иштерине тартып, шайлоочулардын добушун акчалай сыйлыкка сатып алуу иштерин жүргүзгөндүгү аныкталды", — деп жазылган маалыматта.
Аны менен катар эле штаб катары пайдаланылган жайларды тинтүү учурунда шайлоочулардын даректерин көрсөткөн тизмелери менен ири суммадагы акча табылганы айтылды.
"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө П.А.Д. аттуу жарандын добуштарды сатып алуу боюнча фактылары такталып, 2021-жылдын 26-ноябрында акча каражаттарын бөлүштүрүп жаткан жеринен кармалды. Ошол эле учурда, алар тарабынан штаб катары пайдаланылган жайларды тинтүү учурунда, шайлоочулардын даректерин көрсөткөн тизмелери менен ири суммадагы акча каражаттар табылган", — деп билдирди УКМКдан.
Бишкек: добуш сатып алууга шектелгендер кармалды. Видео
Учурда жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо жана документтештирүү, шайлоочулардын добушун сатып алуу процессине катышкан башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
УКМК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер жана саясий партиялар шайлоо мыйзамдарын бузса, мыйзамдык катуу чаралар көрүлөөрүн эскерткен.