Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда Түркмөнстанга учуп кетет

Эртең, 28-ноябрда, Ашхабадда Экономикалык кызматташтык уюмунун кезектеги саммити өтөт. Жапаров ушуну менен Түркмөнстанга жыл ичинде үчүнчү ирет барганы жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. – Sputnik. Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Түркмөнстанга жумушчу сапары менен барат. Анын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
Саммиттин жыйынтыгы боюнча декларация кабыл алынышы күтүлүүдө.
Садыр Жапаров үстүбүздөгү жыл ичинде Түркмөнстанга эки ирет барган – июнь айында расмий сапары менен, августта болсо Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жолугушуусуна катышкан.