Кыргызстан Беларустан автобус сатып алууну көздөп жатат

Элчи коомдук жана айыл чарба техникаларын жеткирүү боюнча маселени Беларусь мамлекети кароого даяр экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Беларустун элчиси Андрей Страчко менен жолугуп, коомдук жана айыл чарба техникасын жеткирүү боюнча маселени талкуулады.
1 / 2
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Беларустун элчиси Андрей Страчко менен жолугуп коомдук жана айыл чарба техникасын жеткирүү боюнча маселени талкуулады
2 / 2
Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев дагы катышты. Ал буга чейин Минск шаарындагы автобус заводуна барып келген
Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев дагы катышты. Ал буга чейин Минск шаарындагы автобус заводуна барып келген.
Кожошев кыргыз тарап Беларустун автобустары менен айыл чарба техникаларына кызыгып жатканын белгилеген. Элчи Беларусь мамлекети жакынкы аралыкта бул маселенин үстүндө иштөөгө даяр экенин билдирген.
"Биз үчүн дагы бул перспективдүү долбоор. Анын ишке ашып кетишине кызыкдарбыз", — деген Страчко.
Тараптар мындан тышкары кыргыз-беларусь кызматташтыгы боюнча актуалдуу маселелерди дагы талкуулашкан.