БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Д.Э.Б. аттуу депутаттыкка талапкер аялдын күйөөсүн добуш сатып алуу фактысы боюнча колго түшүрдү.
Маалыматка караганда, 24-ноябрь күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө талапкердин Т.Ы.О. аттуу жолдошу Ысык-Ата районундагы шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн 40 миң сом бергени аныкталган.
"Т.Ы.О. 27-ноябрда Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын аймагынан 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен кармалды. Жеке буюмдарын кароо учурунда саясий партиянын талапкерлеринин үгүт баракчалары табылган", — деп айтылат маалыматта.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгү ("Добуш сатып алуу") боюнча иш козголду.