110 миң үй-бүлө электр энергияга 50 тыйындан төлөсүн. Жапаров тапшырма берди

1-январдан баштап электр кубаты үчүн тариф 50 тыйынга түшүрүлүп, калган 27 тыйыны бюджеттен төлөнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жашаган жакыр үй-бүлөлөргө электр энергиясынын тарифи 50 тыйынга түшүрүлсүн. Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында министрлер кабинетине берди.
Мамлекет башчынын айтымында, өлкөдө 110 518 миң үй-бүлө жакыр жашайт. Алар мамлекет тарабынан колдоого алынышы керек.
"Муктаж үй-бүлөлөргө жардамды биринчи электр энергиясынан баштайлы. Азыркы тариф 77 тыйындан, аны 1-январдан баштап 50 тыйынга түшүрүп бергиле. Калган 27 тыйынын бюджеттен төлөп бересиздер. Бир айдын ичинде калктын абалын дагы бир сыйра ревизия кылып чыккыла", — деди Жапаров.
Бул боюнча Энергетика министрлиги менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш алып барат.
Садыр Жапаров акча кымырган энергетиктердин бир схемасын ачыктады
Аны менен катар жаңы жылдан кийин тамак-аш таратып берүүнү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго тапшырды.
"Азыр буудай, уну болушу керек, жаңы жылдан кийин мамлекеттик резервден сөзсүз түрдө ун, май, шекер таратып бериңиздер", — деди мамлекет башчы.
Тамак-аш канча көлөмдө берилиши керектигин министрлер кабинети талдап чыгат.