БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында жүздөгөн адам митингге чыкканын Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.
Жеринде иштеп жаткан кабарчы полиция коопсуздук чараларын күчөтүп, элчиликтин имаратына чейинки жолду курчоого алганын айткан. Жалпысынан абал тынч, эл дипломатиялык өкүлчүлүккө жакын көчөлөрдө чогулган.
Нааразычылык күндүз коңшу өлкөдө башталган. Хорог шаарында Гульбуддин Зиёбеков аттуу киши кармалгандан кийин митингге чыккандар болгон. Ал аймактык прокурордун жардамчысын уурдап кетип сабаган деп шектелген. Прокуратура кармоо учурунда ал ок чыгаргандыктан жооп катары ага да ок атылганын айткан. Бирок социалдык тармактарда ал өлтүрүлгөндүктөн нааразычылык чыкканы тууралуу маалымат тараган.
Айрым ЖМКлар митингге чыккандарга ок атылып, эки киши көз жумганын жазды, бирок расмий түрдө комментарий бериле элек.
Учурда Хорогдо коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.