Аны кантип миңдеген чакырымдагы алыстыкка жөнөткөнүн NASA YouTube каналында түз алып берди.
DART миссиясы дүйнөдөгү астероиддердин траекториясынын кыймылына көз салып турган бирден-бир долбоор болуп калды.
Falcon 9 ракетасы космоско 600 килограммдык зондду алып чыгып кетти. Ал 10 айдан кийин секундасына 6,4 чакырым жүрүп, Жердин айланасындагы Диморф астероидине барып урунары күтүлүп жатат. Астероиддин диаметри 150 метрге чукул экендиги, болжол менен алганда футбол стадионундай келери айтылды.
Америкадагы CNBC телеканалы урунгандан кийин анын орбитасы бир аз өзгөрө тургандыгын адистерге таянып билдирген. Эксперттер Диморф биздин планетага кооптуу эместигин, бирок келечекте кандайдыр бир космостук тело коркунуч жаратышы мүмкүн экендигин айтышкан.
NASA бул миссияга 330 миллион доллар жумшады. Анын ичинен зондду учуруу үчүн SpaceX компаниясы 2019-жылы келишимди аткаруу мүмкүнчүлүгүн утуп алган.