Жогорку Кеңеш шайлоосунун жыйынтыгы качан даяр болот

2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт. Жаңы жетинчи чакырылышта 90 депутат болот.
Sputnik
Кыргызстандыктар 54 депутатты партиялык тизме, 36сын бир мандаттуу округ аркылуу шайлайт. Элдин добушун алуу үчүн 21 партия, 287 талапкер жарышка чыккан.
Борбордук шайлоо комиссиясы саат 20:00дөн кийин автоматтык түрдө эсептөөчү урналардан добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялайт. Андан кайсы партия утуп чыгып, анын ичинен канча талапкер депутаттыкка өткөнү белгилүү болот. Бир мандаттуу округдардан да ким жеңгени билинет.
Мыйзамга ылайык, добуш берген жарандардын 5, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайызына ээ болгон партия утуп чыгат. Бир мандаттуу округдан эң көп добуш алганы жеңүүчү деп таанылат.
Жалпысынан 3 миллион 703 миң 420 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ, чет өлкөдөн катталгандары 84 128ди түзөт.
Белгилей кетсек, былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө башаламандык болуп, бийлик алмашкан. Ал ортодо шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Натыйжада VI чакырылыштын депутаттары алты жыл иштеди.