Россия: COVID-19га каршы өспүрүмдөр вакцинаcын колдонууга уруксат берилди

Кичинекейлерге вакцина салуу ыктыярдуу түрдө баланын ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен жасалары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Россияда 12-17 жаштагы өспүрүмдөргө COVID-19га каршы вакцинаны колдонууга уруксат беришкенин Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология боюнча борбордун директорунун орун басары Денис Логунов билдирди. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
"Спутникти" балдар үчүн колдонууга уруксат берилип, вакцина каттоодон өттү", — деген брифингде Логунов.
Октябрдын ортосунда Гамалея атындагы борбордун директору Александр Гинцбург РИА Новостиге коронавируска каршы, балдар үчүн ойлоп табылган вакцина "Спутник М" деп аталышы мүмкүндүгүн айткан. "М" деген тамга "для маленьких" ("кичинекейлер үчүн") деген түшүнүктү берерин кошумчалаган.
Саламаттык сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецовдун айтымына караганда, эмдөө ыктыярдуу түрдө ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен жасалат.
Вакцина алуу бүгүнкү күндө COVID-19дан сактануунун бирден-бир ишенимдүү жолу болуп турат. Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашконун айтымында, ооруканада жаткан бейтаптардын көбү коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр.
Балдарды коронавирустан сактоонун жалгыз жолу аталды
Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европа менен Борбор Азияда 2022-жылдын март айында коронавирустан каза тапкандардын саны эки миллиондон көп болушу мүмкүн деген болжолдуу маалыматты таратты. Мындай апааттан ооруга каршы вакцина сайдырып жана атайын эрежелерди карманып аман калууга мүмкүндүгүн айтышкан.
ДССУ элди эмделүүгө, керек болсо вакцинаны кайталап алууга, оорудан сактануу эрежелерин бекем карманууга чакырууда. Бет кап кийүү, колду жууп туруу, имаратты желдетүү жана кишилердин бири-биринен оолак болуу тартибин сактоо көп күчтү деле талап кылбастыгын улам-улам эскертип жатышат.