Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда спорт комплекс ачылды. Сүрөт

Бишкектин кичи райондорунун биринде ачылган жайга грек-рим күрөшү боюнча белгилүү балбан Раатбек Санатбаевдин ысымы берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Борбор калаада олимпиада резервиндеги балдар жана өспүрүмдөрдүн адистештирилген мектеби ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
1 / 5
Борбор калаада олимпиада резервиндеги балдар жана өспүрүмдөрдүн адистештирилген мектеби ачылды
2 / 5
Спорттук билим берүү жайы Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан
3 / 5
Ага күрөштүн грек-рим түрү боюнча белгилүү балбан Раатбек Санатбаевдин ысымы берилди
4 / 5
Салтанат бүгүн болуп, ага Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты
5 / 5
Аземге спортчунун жубайы Сайра Санатбаева да чакырылган
Спорттук билим берүү жайы Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан. Ага күрөштүн грек-рим түрү боюнча белгилүү балбан Раатбек Санатбаевдин ысымы берилди.
Салтанат бүгүн болуп, ага Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты. Аземге спортчунун жубайы Сайра Санатбаева да чакырылган. Ачылгандан кийин экскурсия жасалып, келгендерди жаңы жай менен тааныштырышты. Имарат 2 миң чарчы чакырым метр, ичинде ойной турган, күрөшкөн жана тренажердук болуп үч зал иштейт. Андан сырткары, спортчуларга зарыл деген шарттар түзүлгөнүн кошумчалашты.