Афган качкындары Борбор Азияны каптайбы? Масадыковдун жообу. Видео

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басары Таалатбек Масадыков Sputnik Кыргызстан агенттигине Афганистандагы абал боюнча айтып жана суроолорго жооп берди.
Sputnik
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "Афганистандын жаңы реалдуулугу: Борбор Азия менен Россия үчүн коркунучтар жана чакырыктар" деп аталган кыргыз-орус конференциясы болду. Ага эксперттер, саясат таануучулар катышты.
Масадыков бүгүн Афганистанда абал туруктуу деп бааланып жаткандыгын айтты.
"Анткен менен дестабилдүүлүктүн кооптуулугу бар, баары жакшы болот деп айтышка азырынча эрте. Эгерде талибдердин азыркы бийлигин мурдагылар, америкалык аскерлер жана НАТО кирип келгенге чейинкилери менен салыштырсак, ЖМКларга, кыздардын билим берүүсүнө, дегеле аялдардын укугуна карата бир топ өзгөргөндүгүн белгилеп кетүү керек... Көп аспектилерден алганда өзгөрүү бар, бирок биз каалагандай эмес", — деди Масадыков.
Анын айтымына караганда, Борбор Азиянын өлкөлөрүндө афган качкындары боюнча кризис жаралышы мүмкүн.
Талибдер өкмөттүн жаңы курамына БУУнун санкциялык тизмесиндегилерди киргизди
"Афганистан калкынын 40 миллионго жакын экендигин эске алсак, мигранттар аймактагы бардык мамлекеттер үчүн көйгөй болушу мүмкүн. Андыктан негативдүү сценарийдин алдын алыш үчүн болгон күч-аракетти жумшоо керек", — деди Коопсуздук кеңештин жетекчисинин орун басары.
Ал Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан Афганистандын азыркы бийлиги менен түз байланышта экендигин, бул маалымат менен бөлүшүп, баарына тиешелүү болгон суроолор боюнча өз ара иштешүү керектигин кошумчалаган.
* — Террордук иштери үчүн БУУнун санкциясына алынган уюм.