Пресс-борбор

Тоюттун аздыгынан колдогу малды союп башташабы? Министрдин жообу

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 1,7 миллион баш кара мал, 6,2 миллионго чукул кой-эчки жана жүз миңдеген жылкы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда колдогу малды жапырт союу байкалган жок, тескерисинче, алардын башы көбөйүшү мүмкүн. Мындай маалыматты айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде айтты. 
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда
Ага "тоюттун кымбаттап кетиши фермерлердин колундагы майда жандыктарды, малды жапырт союп сатууга алып келбейби?" деген суроо узатышкан.
"Кыргызстандыктар адатта кой-эчкини үйдөгү муктаждыкка керектеш үчүн соет, азыраак бөлүгүн базарга алып чыгып сатат. Өтө деле өзгөрүү болбойт, болушу деле мүмкүн эмес. 6 миллион 250 миң майда жандык бар. Мен майда жандыктарды айтып жатам", — деп түшүндүрдү Жаныбеков.
Радио
Арзыбаев: ун тартыштыгы болбойт
Андан соң министрден малдын башы боюнча көйгөй жаралбастыгына кепилдик сурашты.
"Фермерлер колундагы малын жапырт союп башташына себеп боло турган нерсени көргөн жокмун. Албетте, тоюттун баасы мындай чечимге таасир этиши мүмкүн, бирок бизде 1 миллион 725 баш кара мал, 6 миллион 250 миң майда жандык жана 538 миңге чукул жылкы бар. Жыл сайын саны көбөйүп жатат, быйыл да ошондой эле болот", — деп белгилеген министр.
Жаныбеков брифингде буга чейин Кыргызстанда сүт тартыштыгы боюнча суроого жооп берген.