БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандан экспорттолгон күмүш үч эсеге азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Өлкө январь-сентябрь айларында чет мамлекетке 3 тонна 280 килограмм күмүш саткан. Ал 2 миллион 771 миң долларга бааланган. Былтыр ушул эле убакытта 9 тонна 845 килограмм күмүш экспорттолгон (5,8 миллион доллардай каражатка).
Улуттук статистика мунун себебин айткан эмес. Сентябрда 45 килограмм сатылганын, анын көбүн Россия алганы айтылат. Жайында такыр экспорттолгон эмес. Ал эми январдан майга чейин республика сыртка 3 тонна 235,4 килограмм баалуу металлды сатып, аны Швейцария алган.
Өткөн жылы Кыргызстандын күмүштөрүн Швейцария (11 тонна 750 килограмм) менен Түркия (370 килограммдай) сатып алган.
2019-жылы дагы Швейцария (7,6 тонна), Түркия (445 килограмм), ошондой эле Улуу Британияга (315 килограмм) экспорттолгон.