Радио

Мүсүралиев: үй-бүлөлүк кирешенин 10-20 пайызын топтош керек

Улуттук банктын коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн каржылык сабаттуулук секторунун жетектөөчү адиси Кубаныч Мүсүралиев үй-бүлөлүк бюджетти пландоо зарылдыгын белгиледи.
Sputnik
Үй-бүлөлүк кирешенин 10-20 пайызын топтош керек. Ал үчүн жарандар каражатты сарамжалдуу колдонууга үйрөнүүсү зарыл. Бул тууралуу Кубаныч Мүсүралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, маяна алганда чыгашаны жазып коюу жакшы натыйжа берет.
"Үй-бүлөлүк бюджетти пландуу жүргүзүү зарыл. Бардык каражаттын коротулушун жазып эсепке алса, ашыкча чыгым аныкталат. Үй-бүлөлүк кирешенин 10-20 пайызын топтош керек. Ал келечектеги чоң иштерге багытталат. Ошол эле баланын окуусун төлөө, кыймылсыз же кыймылдуу мүлк алууга коротулат. Ал үчүн жарандар каражатты сарамжалдуу пайдаланып, аны топтоо үчүн өзүнүн дисциплинасын тарбиялашы керек. Анткени акча чөнтөктө турса, керексиз эле нерселерге корой берет", — деди Мүсүралиев.
Ошондой эле ал акчаны жөн эле кагаз катары эмес, коротулган энергия, ден соолук жана убакыт катары кароо зарылдыгын кошумчалады.