Кыргыз театры менен киносунун Бакайы. Муратбек Рыскуловдун сүрөттөгү ирмемдери

Бүгүн СССРдин эл артисти, таланттуу актер Муратбек Рыскуловдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкардын сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Муратбек Рыскулов 1909-жылы 23-ноябрда Жумгал районунун Чаек айылында туулуп, балалыгы жетимчиликте өткөн. Борбор калаага 16 жашында келип, театрда кара жумушчу болуп иштеп жүрүп бир күнү жумушка келбей калган актердун ордуна "Ревизор" спектаклинде роль аткарып, сахнага кадам таштайт. Кыргыз музыкалык драма театрында 25 жашында билим алып, театрдын сахнасына чыккан. Залкар талант дүйнөлүк жана кыргыз спектакль, пьесаларында ондогон образ жаратып Англияга чейин жеткен. Ал жакта "Король Лир" пьесасы боюнча дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулган актерлор менен ат салышып, Рыскулов Лирдин монологун кыргыз тилинде аткарып Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIни жана англиялык көрүүчүлөрдү таң калтырган.
Кыргыз киносунун багын ачкан чолпон жылдыздар. Генийлердин сүрөттөрү
Муратбек Рыкуловдун өмүрлүк жары да театрда, кинодо белгилүү ролдорду аткарган актриса Сабира Күмүшалиева. Жубайлар 38 жыл бирге өмүр сүрүп, төрт баланы тарбиялап өстүргөн. Алардын уул-кыздарынын ичинен Искендер ата-энесинин жолун жолдоп, кийин белгилүү режиссерлордун бирине айланган.
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрт жолку чакырылышынын депутаты, залкар талант 1974-жылы 64 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Залкар актердун жараткан образдары азыркыга чейин көпчүлүктүн эсинде.
1 / 17
Драматург Бексултан Жакиевдин чыгармасынын негизинде коюлган "Атанын тагдыры" спектакли
2 / 17
СССРдин эл артисти 1949-жылдан баштап кинофильмдерге тартыла баштаган
3 / 17
Актер Советбек Жумадылов, кичинекей Насрет Дубашев, Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова жана СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов, 1966-жыл
4 / 17
Режиссер Иван Кобызевдун "Менин жаңылыштыгым" кинофильмин тартуу учуру
5 / 17
"Отко таазим" тасмасында Муратбек Рыскулов ажынын образында
6 / 17
Байбичесин камчылаган жылкычы, энесине болушкан уул. "Бакайдын жайытындагы" эпизод
7 / 17
Айылдык абышканын образындагы залкар актер жана кинорежиссер Геннадий Базаров
8 / 17
Кыргыз киносунун алптары: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев
9 / 17
"Жоро" кинофильминде актер Козубайдын ролунда
10 / 17
Кыргыз ССРинин эл артисти Муратбек Рыскулов менен кинооператор Марлес Туратбеков
11 / 17
Муратбек Рыскулов жана экинчи режиссер Төлөгөн Сыдыков, Ош облусу
12 / 17
Жолчуларга кымыз берип отурган жылкычы Бакай
13 / 17
Муратбек Рыскулов Төлөмүш Океевдин "Отко таазим" кинокартинасында ажынын ролун аткарган
14 / 17
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты өмүрүн киного, сахнага арнаган
15 / 17
Театр жана кино жылдызы Муратбек Рыскулов, Ысык-Көл, 1957-жыл
16 / 17
Москвада жүргөн кыргыздын каймактары: акын Темиркул Үмөталиев, жазуучу Аалы Токомбаев, Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы Төрөбай Кулатов, белгилүү актер Муратбек Рыскулов, ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова, 1958-жыл
17 / 17
Таланттуу жубайлар уулу Искендер, Бактыбек жана кызы Нуржамал менен