Мишустин Россия Кыргызстанга вакцина жөнөтүп турарын айтты

Россия Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцинаны бир нече ирет жөнөткөн. Анын соңкусун, 200 миң доза "Спутник Лайт" препаратын Россиянын ӨКМинин учагы менен 12-ноябрда жеткирип берген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде мезгил-мезгили менен коронавируска каршы вакцина берип турат. Бул туурасында Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин билдирди.
РИА Новости кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшү учурунда Мишустиндин айтканын жазды.
"Биз дайыма мезгил-мезгили менен Кыргызстанга гуманитардык жардам катары россиялык тест-система боюнча коронавируска каршы вакцина жөнөтүп турабыз", — деген ал эки мамлекеттин ортосунда болгон сүйлөшүүлөр учурунда.
Мишустин аны менен катар эле "COVID-19суз саякатта" санарип тиркемесин колдонуу жана бекитилген эрежелерди сактоо шартында авиарейстердин саны көбөйө тургандыгын белгилеген.
200 миң доза "Спутник Лайт" вакцинасы. Жүктү аэропорттон тосуп алган видео
"Элди жапырт эмдөө чоң мааниге ээ. Бул боюнча сиздер менен Ереванда майда-чүйдөсүнө чейин сүйлөштүк. Бул пандемиянын токтотууга, эң башкысы адам өмүрүн сактап калууга жардам берет", — деген Мишустин.
Россия Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцинаны бир нече ирет жөнөткөн. Анын соңкусун, 200 миң доза "Спутник Лайт" препаратын Россиянын ӨКМинин учагы менен 12-ноябрда жеткирип берген.