Бишкекке Валентина Шевченко келди. Аэропорттон сүрөт, видео

Шевченко эртең журналисттерге маалымат жыйын берет. Андан соң саат 16:00дө "Аю Гранд" соода борборунда күйөрмандары менен жолугат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. – Sputnik. UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүн, 21-ноябрда, Кыргызстанга келди. Ал эртең мененки саат 6:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна конду.
Мушкер Кыргызстанда үч-төрт жума жүрөрүн билдирди.
"Ысык-Көлгө да баргым келет. Өз үйүмө келгенимди сезип жатам", - деди ал.
Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк кулатуу (WEF) федерациясынын вице-президенти Эмил Токтогонов Шевченко машыктыруучусу менен келерин жана алар президент Садыр Жапаров менен жолугушарын билдирген.
1 / 5
UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүн, 21-ноябрда, Кыргызстанга келди.
2 / 5
Ал эртең мененки саат 6:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна конду.
3 / 5
Мушкер Кыргызстанда үч-төрт жума жүрөрүн билдирди.
4 / 5
Шевченко эртең, 22-ноябрда, саат 14:00дө журналисттерге маалымат жыйын берет.
5 / 5
Андан соң саат 16:00дө "Аю Гранд" соода борборунда күйөрмандары менен жолугат.
Шевченко эртең, 22-ноябрда, саат 14:00дө журналисттерге маалымат жыйын берет. Андан соң саат 16:00дө "Аю Гранд" соода борборунда күйөрмандары менен жолугат. Ошондой эле аны президент Садыр Жапаровдун кабыл алары күтүлүүдө.