Буйволдун жапайы иттерге жем болгон аянычтуу видеосу

Африкадагы жаратылыш паркындагы жапайы иттерге жем болгон окуяны тартып алган гид бул көрүнүш туристтердин да көңүлүн ооруткандыгын айткан. Окуя Африкадагы жаратылыш парктарынын бири Төмөнкү Замбезиде болгон.
Sputnik
Аны сафариге 42 жаштагы гид Себастьян Сандер Сакала туристтерди коштоп барганда тартып алган.
"Биз жаратылыш паркын аралап, жапайы жаныбарлардын артынан эки саатка чукул жүрдүк. Бир учурда алардын ичинен экөө бир жерди тиктеп калышты. Бир аздан кийин алардын эмнени аңдып жатканы түшүнүктүү болду", — деген ал.
Буйволду арстандын күчүктөрү тирүүлөй жеп... Аянычтуу видео
Ал жаныбарлардын үйүрү туугандан кийин ичи чыгып, салаңдап калган ургаачы буйволду алгач тегеректеп, андан соң кол салышкан. Кадрдан тарп аңдыган бул жырткычтардын мүйүздүү жаныбарды аеосуз талап, кез келген жерин тиштеп, жулкулдатып жатканын көрүүгө болот. Акыры алар буйволду өлтүрүп тынышкан. Ошол тегеректеги башка тарп аңдыган жаныбарлар эртеси күнү түшкө жетпей сөөгүн, мүйүздөрүн гана калтырып, этин талап кеткен.
Туристтердин көбү мындай окуяга биринчи ирет күбө болуп жатышканын жана жагымсыз окуя катары көпкө чейин унута албастыгын айтышкан.